Пакистанда мейманкананын унаа токтоочу жайында жарылуу орун алып, 3 адам каза болду

Пакистанда мейманкананын унаа токтоочу жайында жарылуу орун алып, кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, жарылуунун кесепетинен 13 адам жаракат алган.
"Пакистандын Белужистан провинциясынын борбору Кветта шаарындагы мейманкананын унаа токтоочу жайында болгон жарылуудан кеминде үч адам каза болуп, 13 адам жаракат алды.
Жаракат алган адамдардын ичинен экөөнүн абалы оор экендигин шаардык оорукананын башкы дарыгери билдирген.
Ал эми кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип, тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан