Perseverance космостук кемеси биринчи жолу Марстын атмосферасынан кычкылтек бөлүп алууга жетишти. Бул тууралуу НАСАнын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, сыноо 20-апрелде болуп, кычкылтек эксперименталдык Moxie приборунун жардамы менен алынган. Мындай аппараттар космонавттарды дем алуучу аба менен камсыз кылышы мүмкүн деп билдирген НАСА.
Өткөн жылдын июль айында Perseverance космостук кемеси "Марс-2020" миссиясы аркылуу жерден учурулуп, февраль айында Марс планетасына ийгиликтүү конгон. НАСАнын тарыхындагы бешинчи кеме кызыл планетанын түзүлүшүн жана геологиясын изилдөө үчүн жети илимий шайман менен жабдылган.
Космостук кеменин негизги милдети келечекте жерге жеткирилиши күтүлүп жаткан Марс топурагынын үлгүлөрүн чогултуу.