Путин Орусиянын душмандарын жолборс Шерхан жана чөө Табаки менен салыштырды

Владимир Путин англиялык жазуучу Жозеф Редьярд Киплингди эскерип, Орусиянын душмандарын жазуучунун "Маугли" жөнүндөгү чыгармасындагы терс каармандар - жолборс Шерхан жана анын жардамчысы Табаки аттуу чөө менен салыштырды. Бул тууралуу Путин Федералдык жыйындагы жылдык кайрылуусунда билдиргендигин орусиялык басылмалар жазышты.

"Алар себепсиз эле Орусияга жабышып калышты. Анан, албетте, алардын айланасында, Шерхандын айланасындагыдай, ар кандай майда Табакилер айланып жатышат. Бардыгы Киплингдикиндей. Киплинг - улуу жазуучу", - деген Путин.

Ал белгилегендей, Орусия эл аралык коомчулуктун бардык өкүлдөрү менен жакшы мамиледе болгусу келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан