Италиядагы ооруканалардын биринде өрт коопсуздугунун кызматкери 15 жыл бою жумушка чыкпай, эмгек акысын алып жүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Италиянын Катанзаро шаарында оорукананын кызматкери 2005-жылдан бери өрт коопсуздугу бөлүмүнүн мүчөсү катары каттоодо турган. Ошол эле учурда ал бир да жолу жумушка чыккан эмес. 15 жылда иштегендиги үчүн ал 538 миң евро (болжол менен 55 миллион сом) маяна алган.