"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандар 144 миллионго жетти

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 144 миллион 355 миң 540 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 82 миллион 834 миң 550 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 68 миң 314 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 23-апрелге карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 927 миң 52 болду. 570 миң 312 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 15 миллион 930 миң 965 адамдан аныкталды. 383 миң 502 адам каза болсо, 13 миллион 454 миң 880 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 167 миң 973 адам вируска кабылган. 383 миң 502 бейтап көз жумса, 12 миллион 529 миң 811 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан