Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган элге кайрылуусунда ал кызматтан кеткенин жарыялады.
"Бүгүн мен конституциялык жоболорду ишке ашыруу жана парламентти таркатуу үчүн кызматтан кетем", - деп жазган ал.
Президент анын отставкасын кабыл алды. Пашинян 20-июнда боло турган кезексиз парламенттик шайлоого чейин ал өкмөттүн убактылуу башчысы болот. Шайлоого ал "Гражданский договор" партиясы менен катышат.
Армениянын Конституциясынын 158-беренесинде өкмөт кызматтан кетүү жөнүндө арызын премьер-министр менен биргеликте бир күндө президентке тапшырат. Министрлер кабинети жаңы түзүлгөнгө чейин мурдагы өкмөт кызматын улантат.