Коронавирус күндөн-күнгө күчөп жаткан Индияда абал өтө кооптуу. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта Индия коронавируска байланыштуу бардык рекорддорду жаңылоодо. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо системинин алы жетпей калды.
Коронавирустан каза болгон адамдардын денесин көчөлөрдө өрттөп жатышат. Көпчүлүк ооруканада орун жана керектүү дары-дармектер жок болгонуна байланыштуу алар бейтаптарды кабыл албай жатышат.
Азыркы тапка Индияда 17 миллион адам коронавирус илдетин жуктуруп алган, алардын ичинен 192 миң бейтап оорудан көз жумган. Бирок бул официалдуу гана сандар , реалдуу жашоодо ооругандар жана каза болгондор мындан да көп болушу мүмкүн.
"Биз биринчи толкун бүткөндө ооруну жеңдик деп ойлогонбуз. Бирок экинчи толкун бүткүл улутту дүрбөлөңгө салды", - деп билдирген өлкөнүн премьер-министри.
Көптөгөн Европа өлкөлөрү Индияга жардамга келүүгө даяр экендигин билдиришкен.