25-апрелде Марс планетасында NASA агенттигинин тик учагы рекорддук аралыкка рекорддук ылдамдыкта учту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сыноо учурунда тик учак беш метр бийиктикке көтөрүлгөн. Ошол эле учурда тик учак футбол талаасынын дээрлик жарымына барабар болгон болжол менен 50 метр аралыкты басып өтүп, максималдуу ылдамдыгы секундасына эки метрге (саатына болжол менен жети чакырым) жеткен.
Буга чейин NASA агенттиги Марста тик учак учурууну пландап жаткандыгы кабарланган.