Бүгүн, 13-апрелде Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков менен Өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Жалал-Абад облусу боюнча жетекчиси Ниязбек Мойдинов онлайн маалымат жыйын берип жатат.
Жыйындын катышуучуларына "Өзгөчө кырдаал киргенден бери азык-түлүккө болгон бааны мыйзамсыз көтөргөн канча соодагер же ишкер жоопкерчиликке тартылды?" деген суроо берилди.
"Бүгүнкү күндө бааны мыйзамсыз көтөрүү боюнча 5 фактыны Финансылык полицияга өткөрүп бергенбиз. Эгер мындай фактылар катталса, 18-берене боюнча жарандарга айып пул салуу каралган.
3-апрелде кодекске өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, бааны негизсиз көтөргөндөр 10 миң сомдон 28 миң сомго чейин айып пул төлөйт", - дейт Ниязбек Мойдинов.
Ал эми бааны мыйзамсыз көтөрүү боюнча канча адам жоопкерчиликке тартылганы жана алар кайсы азыктардын баасын көтөргөнү боюнча так маалымат берилген жок.