Менин жерим: Жыл сайын тонналаган алмалары чет өлкөгө экспорттолгон Ноокаттын Көк-Жар айылы

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылы жөнүндө сөз болот. Айылдын өзгөчөлүктөрү, жаратылышы, эмгекчил калкы тууралуу айылдын тургуну Айдана Пазылова айтып берди.

"Менин айылым Улуу Жибек жолу өткөн трассадагы кичинекей шаарча тибиндеги айыл. Шаарча дегенимдин себеби ал тээ Кокон хандыгы мезгилинен тарта соодагерлердин борбору болуп келген экен. Учурда да айыл өкмөттүн борбору болгондуктан ар тараптуу өнүгүп келүүдө.

Алгач айылымдын аталышы туурасында кеп кылып өтөйүн. Көк-Жар аталышы айтып тургандай жарлары көп жер болгон экен. Ал эми шаркыратманын суусу ошол жарлардан агып өтүп ал жерлерди көк шиберге байытыптыр. Узак жолдон келаткан жолоочулар, соодагерлер эс алуу үчүн ушул жерге токтошуп, жаратылышка суктанышчу экен. Уламадан уланып отуруп "көп жардуу", "көк жардуу" айыл Көк-Жарга айланган деген аңыз кеп бар.

Ал эми айылымдын эли өзгөчө мээнеткеч, берешен жана кең пейил, меймандос. Анан да айылда ар кайсы улуттун өкүлдөрү жашайт. Элибиз ар бир улуттун маданиятын өзгөчө баалайт. Аш-тойлордо ар кандай улуттук өзгөчөлүктөрдү көрүүгө болот. Ноокат району алмасы менен таанылуу. Көк-Жарда дыйканчылык күчтүү өнүккөн. Элибиз алма, чие, өрүк, шабдалы жана башка өсүмдүктөрдү өстүрүшөт. Айыл эли көбүнесе дыйканчылыктан түшкөн киреше менен жан багышат. Өзгөчө мактанарлык жагы Көк-Жардын тонналаган алмалары жыл сайын чет өлкөлөргө экспорттолот.

Эмгекке бышкан көк-жарлыктардан кандай инсандар чыкса керек деген ой жаралса керек. Биздин айыл тарбиялаган мыкты уулдардын бири кыргыз Эл баатыры, дасыккан нейрохирург, медицина илимдеринин доктору Миталип Мамытов. Ал эми ушул мыкты эл уулдарын тарбиялаган алтын уя туурасында айтпай кетсек болбос. Нечендеген мыктылардын уясы "Көк-Жар" гимназия класстары бар инновациялык мектеби Ноокат району боюнча мыкты мектептердин сап башында турат. Мектеп окуучулары жыл сайын облустук, республикалык ар кандай интеллектуалдык таймаштарга катышып башкы орундарга ээ болуп келишет.

Ошондой эле Көк-Жар айылынын жаштары спорт жаатында да ийгиликтерди багындырышууда.
Буга айылда жаңыдан түптөлүп келе жаткан спорттук секциялар, аянтчалар өбөлгө түзүүдө", - деп айтып берди Айдана Пазылова.

Кызыктуу фактылардан: Көк-Жардагы түрк улутундагы туугандар кыргызча "таптаза" сүйлөшөт. Буга көк-жарлыктардын таасири чоң. Ошондой эле Көк-Жардагы ар бир үчүнчү үй-бүлө мүчөсү мигрант экендиги анык.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай-журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aybiyke
2021-04-28 15:03:11
Ушул айылдан кыздар барбы уйлонойун
+2
OMURBEK.
2021-04-29 00:25:58
Тоо койнунда кулпунуп гулдоп турган кок жарым
Кыргыздын бир жеринде жайнап турган кок жарым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан