2021 Pink Lady Food сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттарында жазылды.
Быйыл 10-жолу өткөрүлүп жаткан Pink Lady Food сүрөт сынагына дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнөн 10 миң 500гө жакын сүрөт жөнөтүлгөн. Калыстар тобу жеңүүчүлөрдү онлайн режимде аныктаган. Маалым болгондой, Ли Хуайфэн Кытайдын Шаньси провинциясындагы Личэн шаарында тартылган "Даам" аттуу сүрөтү үчүн сынактын жеңүүчүсү деп табылды. Бул сүрөттө жылмаюу менен тамак жасап жаткан жаш үй-бүлө көрсөтүлгөн.
Ошондой эле сынактын ар түрдүү категориядагы жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү төмөндө.