Варшава шаарында өтүп жаткан шашки боюнча Дүйнө чемпиондугунда оюн учурунда столдун үстүнөн Орусиянын желегинин алынышы боюнча Польшанын шашки федерациясынын башчысы Дамиан Решка кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Бул жагдай үчүн кечирим сурайм. Бизге муну токтоосуз түрдө, оюн учурунда жасаш керектигин айтышты. Болбосо WADA уюму бүгүн Эл аралык шашки федерациясын четке кагып салмак. Дагы бир жолу кечирим сурайм", - деген Решка.
Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин эки жылдык санкцияларынан улам Дүйнө чемпиондуктарында жана Олимпиада оюндарында орусиялык спортчулар мамлекеттик желек астында катыша албайт жана алардын урматына мамлекеттик гимн ойнолбойт.