Түркмөнстанда бийлик азык-түлүккө кезекке тургандарды жашырып жатканы айтылды

Түркмөн бийлиги Ашхабаддан кийин Лебап аймагынын административдик борбору Түркмөнабатта мамлекеттик дүкөндөрдүн алдындагы чоң кезектерди жок кылууга аракет кыла баштады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Эки жума мурун президенттин уулу Сердар Бердымухамедов узун кезектер атасынын аброюна "терс таасирин тийгизип жатат" деп баш калаадагы дүкөндөрдүн алдына адамдардын чогулушуна тыюу салган.

Жаңы эрежелерге ылайык, алдын-ала каттоодон өткөн жарандар дүкөнгө товар алуу үчүн сатуучунун чакыруусунан кийин гана келе алышат.

Ашхабаддан айырмаланып, Түркмөнабатта кезекке турууга толук тыюу салынган жок. Дүкөндөрдүн алдына төрт кишиге чейин чогулууга уруксат берилди. Ошол эле учурда калган жарандар кезеги келгенге чейин коңшу үйлөрдүн кире беришинде күтүүгө аргасыз болушат.

Түркмөнстанда бир нече жылга созулган экономикалык кризис, ошондой эле улуттук валютанын тынымсыз төмөндөшү калктын сатып алуу жөндөмүн төмөндөтүп жиберди. Бул өлкөнүн көпчүлүк жарандарынын базарлардан жана жеке соода түйүндөрүнөн азык-түлүк сатып ала албай, мамлекеттик дүкөндөрдөгү субсидияланган баалардагы товарларга көз каранды болушуна алып келди.

Адамдар мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында эртең менен кезекке турушат. Субсидияланган товарлар таңкы саат 6дан таңкы 8ге чейин сатылат. Адатта айына бир адамга 1 литр пахта майы, 1 литр күн карама майы, 1 килограмм шекер жана 1 килограмм күрүч сатылат. Ошондой эле айрым учурда тооктун жумурткасы жана тооктун буттары сатылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-04-29 10:14:03
Тооба кылдым кудай сактасын ушундайдан,бир адамга бир айга ошол нерсе жетеби
+2
Danysh1
2021-04-29 14:11:37
Май жетиши мүмкүн 2 литр болуп калат кошкондо а бирок эт менен күрүчтү бир күндө жеп салам өзүбүздүн жашоого шүгүр кылайлы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан