Жыл сайын 15 жыл мурдагыга караганда 31 пайызга көп муз эрип жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
НАСАнын Terra спутнигинен алынган 20 жылдык маалыматтарды колдонуп, изилдөөчүлөр 2015-жылдан бери жыл сайын 328 миллиард тоннадан ашык муз жана кар эрип жатканын аныкташкан. Изилдөөдө 2015-2019-жылдар аралыгында жылдык эрүү ылдамдыгы 2000-2004-жылдарга караганда 78 миллиард тоннага көп экендиги айтылган.
Дүйнөдөгү эриген муздардын жарымы АКШда жана Канадада болгону белгиленди.