
Социалдык тармактарга Баткендеги жергиликтүү тургундардын ачууланып, бийликке кайрылган видеосу тарап жатат. Анда жергиликтүүлөр коомдук абал туруктуу деп айтылган кептерге жаны ачып жатышкандыктарын айтып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошкон.
Алар видеодо милициянын аймактык пунктунун имараты сүрдүрүлгөнүн айткан. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгүнө байланышканыбызда, аталган видео бүгүн эртең менен тарагандыгын жана азыркы тапта аталган аймакта ок атышуу биротоло токтогонун кабарлады.
"Бул бүгүн эртең менен тараган видео, ал азыркы абал дегенди түшүндүрбөйт. Облус өкүлчүлүгү чыр чыккан аймакта абал туруктуу, коопсуз дегенден алыс. Ал жакта чыңалган абал сакталып турат, бирок ок атышуу токтоду", - деди облус өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова.