Мурдагы депутат Камчыбек Ташиев чек арадагы абал тууралуу кайрадан оюн жазды. Ал кыргыз элине кайрылып, учурда чет жакта жүргөнүн өзүнүн билдирүүсүндө белгилеген.
"Кечээги Баткен жергесинде болгон чек ара жаңжалы Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жаранынын тынчтыгын бузду. Мен болсо алыс, чет жакта болуп калдым, жүрөгүмдү тилип кетти. Баарыбызга сабырдуулук керек. Биз, мамлекети, президенти жана бийлик ээлери бар элбиз. Мамлекетти, элди, жерди сактоо, коргоо ошолордун түздөн-түз милдети. Ошондуктан биз аларга ишенүүгө мажбурбуз, а эгерде көйгөйдү чече алышпаса, анда башка сөз, иш болот.
Бирок чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды ал жакка жибербегиле. Мен өзүм жеке элимдин тынчтыгы, бүтүндүгү жана коопсуздугу үчүн ар дайым, кандай кырдаал болсо да баарына даярмын. Чек арабызды коргоп каза болгон жоокерибиздин арты кайрылуу болсун, апасына, жакындарына көңүл айтам", - деген ал билдирүүсүндө.
Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин төрт депутаты жана өкмөт башчы Баткенге барган.
Эске салсак, ушул жылдын 13-мартында Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип, жаракат алышкан. 14-мартта Ташиев: "Мен Баткенге жөнөп жатам, бийликтегилер мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече алышпайт" деп Баткенге жөнөп кеткен болчу.