Бүгүн, 1-май күнү саат болжол менен 19:10 чамасында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында май куюучу жайда жарылуу болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып, видео менен бөлүштү.
Маалыматка ылайык, аталган май куюучу жай Зарафшон кичи районунда жайгашкан. Азырынча жабыркагандар жана курман болгондор тууралуу маалымат айтыла элек.