Испанияда Covid-19га байланыштуу токтотулган букалардын күрөшү бир жарым жылдан бери биринчи жолу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Мадриддеги 23 миң адам бата турган стадионго 6 миң адам гана кабыл алынган. Букалардын күрөшүн көрүүгө келгендерди тыкыр көзөмөлгө алышты. Аралыкты сактап отурууга жана FFP2 тибиндеги бет кап кийүүгө милдеттендирилген испандар бул саамалыкка келгендерине кубанычта экендигин билдиришти.
Коалициялык өкмөт жана Саламаттыкты сактоо министрлиги эл көп чогулган иш-чараларды өткөрбөөгө чакырганына карабастан жергиликтүү бийлик карантиндик чараларды жумшартып, иш-чараны өткөрүүгө уруксат берген.