Иранда Швейцариянын элчилигинин дипломаты каза болду

Иранда АКШнын кызыкчылыгын коргогон Швейцария элчилигинин кызматкери борбор шаар Тегерандагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулап кетип каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 51 жаштагы маркум элчиликтин биринчи катчысы болуп иштеген жана АКШнын кызыкчылыгын коргогон. Ирандын Өзгөчө кырдаалдар кызматы бул кокустукпу же өз өмүрүнө кол салуубу азырынча белгисиз экендигин билдирген.

Тегеран Вашингтон менен дипломатиялык мамилесин үзгөндөн кийин Швейцария АКШнын Ирандагы кызыкчылыктарын коргой баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан