Сириянын Алеппо шаарынын түндүк бөлүгүндөгү жарылуудан бир нече бала жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, унаанын түбүнө бекитилген колго жасалган жарылуучу зат жарылгандыгы айтылат.
Ошондой эле жарылуунун кесепетинен бир үй-бүлөдөн жалпы беш бала жаракат алгандыгы такталды. Айрымдары оор жаракат алышкан.
Окуя болгон жерде Жарандык коргонуу корпусу жана коопсуздук кызматкерлери иштеп жатышат. Жабыркагандар ооруканаларга жеткирилген.
Буга чейин, 15-апрелде Сириянын Пальмира шаарынын жанында жүк ташуучу унаанын жарылуусунан эки адам каза болуп, 12 адам жаракат алганы белгилүү болгон.