Фейсбук компаниясынын көз карандысыз байкоочу кеңеши АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын баракчаларын убактылуу жабуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, байкоочу кеңеш экс-президенттин Фейсбук жана Инстаграм баракчаларына материал жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн чектеди. Ошол эле учурда кеңеш компаниянын алты ай ичинде Трамптын аккаунтун биротоло блоктоо же аны белгилүү бир убакытка чейин токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алышын талап кылууда.
Фейсбук бул баракчаларды быйыл 6-январда Капитолийдеги чабуулдан кийин убактылуу жаап салган. Ага тушташ Твиттер социалдык түйүнү Трамптын баракчасын толук жапкан.
Буга чейин Трамп расмий сайтын ачканын жарыялаган. Сайтка өзүнүн билдирүүлөрүн жарыялап турмакчы. АКШнын экс-президенти Фейсбуктун чечимин Америка үчүн "уят иш" деп сыпаттаган.