Дүйнөнүн эң бай адамы аталган Жефф Безостун Blue Origin компаниясы ушул жылы 20-июлда космоско уча турган New Shepard суборбиталдык кемесине бир жүргүнчү орун үчүн онлайн аукционду баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Аталган кеме 20-июлда биринчи космонавттар экипажы менен космоско учат. Биз Blue Origin онлайн аукционунун жеңүүчүсүнө ушул рейсте бир орун сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.
Билет алуу үчүн компаниянын веб-сайтына өтүү сунушталат. Белгиленгендей, аукцион үч бөлүктөн туруп, жеңүүчү 12-июнда аныкталат.