
Украинанын президенти
Володимир Зеленский эркектерге декреттик өргүүгө чыгуу укугун берген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мамлекет башчысы энелер менен аталарга ата-энелик өргүүсүн алууда бирдей укуктарды камсыз кылган мыйзамга кол койду. Документ эркектер менен аялдар үчүн эмгекти үй-бүлөлүк милдеттер менен айкалыштырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга арналган. Атап айтканда, атасынын бала багуу боюнча өргүүгө чыгуу укугун чектеген мыйзамдык кемчиликтер чечилүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Украинанын парламенти аталган мыйзам долбоорун апрель айында кабыл алган. Ал эми мыйзам расмий жарыяланган күндүн эртеси күчүнө кирет.
Мыйзамда жазылгандай, баланын ата-энеси бирдей укукта бала 3 жашка чыкканга чейин өргүү алуу укугун пайдалана алышат.