Эл аралык Олимпиада комитети Япониянын Токио шаарында 2021-жылы өтө турган Олимпиада оюндарынын катышуучулары үчүн вакциналарды тандап алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Эл аралык Олимпиада комитети Токиодогу Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын катышуучулары вакциналардын эки түрү - Pfizer жана BioNTech менен коронавируска каршы эмдөөдөн өтө аларын билдирди.
Олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндар Токиодо 2020-жылы жайында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылдын жай мезгилине жылдырылган, тагыраагы, 23-июлдан 8-августка чейин өтөт деп пландалууда.