"Tesla" компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск өткөн жылдын аягында жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, АКШда эң көп маяна алган башкы директор болуп калды. Бул тууралуу "Forbes" журналына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы Маск "Tesla'дагы" айлыгынан баш тарткан. Тескерисинче, ал өзү иштеген компанияда акциялардын опциону түрүндө сыйлык алат.
Журналда жазылгандай, 2020-жылы ишкер автоконцерндин акциялары боюнча 11 миллиард долларга опцион (келишим) алган.
Рейтингде экинчи орунду 211 миллион доллар менен Paycom бизнес программасынын башчысы Чад Ричисон ээледи. Рейтингде үчүнчү орунда 199 миллион доллар менен "1Life Healthcare" медициналык компаниянын башкы директору Амир Дэн Рубин.
Буга чейин "Tesla" 2021-жылдын биринчи кварталын рекорддук киреше менен аяктаганы белгилүү болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 16 миллион долларга салыштырмалуу январь-март айларында ал 27 эсе өсүп, 438 миллион долларды түздү.