Ишкер Аскар Салымбеков Кыргыз өлкөсүндө коронавирус катталганына байланыштуу вирустун мындан ары жайылбоосунун алдын алуу максатында республикалык штабга 100 миң медициналык бет капты сатып алуу үчүн жана "Тазалык" муниципалдык ишканасына 3000 медициналык бет кап үчүн акча каражатын бөлөрүн социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Урматтуу Кыргыз жарандары, тилекке каршы, коронавирус биздин өлкөбүзгө да жетти. Коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында "Дордой" ассоциациясынын штабын түзүп жатабыз. Биз биринчи кезекте калкыбыздын социалдык алсыз катмарына - карылар жана балдарга камкордук көрүшүбүз керек. Ал үчүн коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана болтурбоо боюнча түзүлгөн республикалык штабга 100 миң медициналык бет кап сатып алууга акча каражаты бөлүнөт. Андан сырткары "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине 3000 медициналык бет кап үчүн акча каражатын бермекчибиз. Өз кезинде тилекке каршы, буга чейин медициналык бет каптардын тартыштыгынан Кытайга жөнөтө албай, "Кытай-Кыргызстан" коомуна акчалай каражат которгонбуз. Өлкөбүздүн жашоочуларына дүрбөлөңгө алдырбай өкмөт тарабынан кабыл алынган эрежелерди аткарып, дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн аткарууну сунуштайбыз", - деп жазган Салымбеков мырза.