АКШнын вице-президенти Камала Харрис 7-8-июнь күндөрү Мексика жана Гватемалага иш сапары менен барат. Бул анын чет өлкөгө жасаган алгачкы жумушчу сапары болмокчу. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматта айтылгандай, Камала Харрис Род-Айленд штатына барганда журналисттер менен маектешкен. Анда Харрис 7-8-июнь күндөрү Мексика жана Гватемалага биринчи жолу чет өлкөгө иш сапары менен барарын жарыялаган. Ал март айында президент Жо Байдендин Мексиканын чек арасындагы иммиграциялык кризисти жөнгө салуу боюнча тапшырмасын алган.