ЖЫЛНААМА, 8-МАЙ: "Даңазалуу доор" сериалында Мустафанын ролун ийине жеткире аткарып, атактуулукту багындырган актёр Мехмет Гүнсүр 46 жашка толду

Бүгүн "Даңазалуу кылым" сериалындагы Мустафа Султандын ролу менен атактуу болгон түркиялык актёр жана модель Мехмет Гүнсүр 46 жашка толду.

Ал 1975-жылы 8-майда Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси мугалим болуп иштеген. Мехмет Гүнсүр Италиядагы лицейди аяктаган соң, Мармара университетинин журналистика жана массалык коммуникация бөлүмүн аяктаган.

Мехмет Гүнсүр 7 жашында жарнамалык түрмөккө тартылып, экрандагы тушоосу кесилген. Ошондо эле кийимдер брендинин жүзү болгон. Өспүрүм кезинде музыкага кызыгып, түрктөрдүн "Dawn" (Агарган таң) аттуу тобунун солисти болуп жүргөн. Аны менен кошо ресторанда бармен болуп иштеп жүрүп, жеке ресторандык бизнесин түптөгөнгө да жетишкен.

Мехмет актёрлукка караганда моделдик бизнес менен көбүрөөк алектенет. Анткени анын жүзүн өзүнүн жарнамасында көргүсү келген компаниялар көп.

1989-жылы "Мимоза" тасмасына тартылган. Бирок атактуулукту "Түрк банясы" ("Турецкая баня") тасмасындагы ролу алып келген.

Актёр 2006-жылы италиялык Катерина Монжио аттуу даректүү фильмдердин режиссёруна үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн ортосунда бир уул, эки кызы бар. 2010-жылдан бери түгөйлөр Италиянын борбору Римде жашайт. Түркиялык режиссёрлор тарабынан тасмага тартылууга сунуш түшсө мекенине келип турат. Бирок Түркияда эмес, Италияда жашаганды жактырат.

2017-жылы "Кызыл Стамбул" ("Красный Стамбул"), "Фи, Чи, Пи" деген детектив тасмаларга тартылган.

Ал эми 2019-жылы "Дар" аттуу сериалда роль жараткан.

8-майга карата жылнаама.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maketai
2021-05-08 11:24:06
46- жашка толду го,75 жылкы болсо
+1
Mubarak
2021-05-08 19:57:49
Сериалда олгондо ыйлаганбыз:)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан