Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный дарыланып чыккан Омск облустук ооруканасынын мурдагы башкы дарыгери Александр Мураховский дайынсыз болууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, полиция 7-май күнү Мураховский квадроцикл менен Омск облусунун Поспелово айылындагы токойго кеткендигин аныктаган. 8-май күнү анын квадроцикли сазга тыгылган абалда табылып, өзү дайынсыз болууда. Аны учурда 100дөн ашык адам издеп жатат.
Ошондой эле жетүүгө мүмкүн болбогон аймактарды тик учак менен издөө иштери жүрүүдө.
Эске сала кетсек, февраль айында 55 жаш курагында Александр Мураховскийдин орун басары Сергей Максимишин күтүүсүздөн каза болгон. Анын өлүмүнүн себеби инфаркт экендиги айтылган. Март айында ошол эле оорукананын травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы Рустам Агишев 63 жашында көз жумган. Анын өлүмүнүн расмий себеби инсульт болгон.
Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багыты боюнча учуп бара жатып, өзүн жаман сезгендиктен учак Омск шаарына конуп, ал ооруканага жаткырылган. Кийин анын абалы начар болуп кеткендиктен Германияга которулуп, дарыгерлер анын уулангандыгын аныкташкан.