Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Израилди Иерусалимдеги аракеттер үчүн террорчулукка айыптады. Бул тууралуу ал Палестинанын лидери Махмуд Аббас менен сүйлөшүүдө билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Израилдин Аль-Акса мечитине жана палестиналыктарга кол салуулары талкууланды. Президент Эрдоган Израилдин Иерусалимдеги кол салууларын террор деп атап, бул кол салууларды кескин айыптаган.
Эрдоган Аббаска Анкара ислам дүйнөсүн “Израилдин террорун жана баскынчылыгын токтотуу” үчүн мобилизациялоого бардыгын жасай тургандыгын убада кылды.
10-майда эртең менен Израиль армиясынын танктары Хамастын объекттерине кол салгандыгы маалымдалган.