10-майдагы жыйында Армения парламентинин депутаттары экинчи жолу премьер-министрдин кызмат ордуна жалгыз талапкер Никол Пашинянды шайлаган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, республиканын конституциясына ылайык, эгер парламент премьер-министрди эки жолу катары менен шайлабаса, анда ал таркатылышы керек. Биринчи добуш берүү 3-майда өткөн, анда да Пашинян премьер-министрлик кызматка шайлануу үчүн жетиштүү добуш топтой алган эмес.
Буга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 20-июнда өтөт. "Менин кадамым" фракциясынын башчысы Лилит Макунц 10-майда улуттук ассамблеянын отурумунда Пашиняндын талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялаган. 25-апрелде Пашинян мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн Армениянын премьер-министри кызматынан кеткен. Андан кийин өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.