Кытайдын калкынын саны былтыр, 2020-жылы салыштырмалуу 0,83 пайызга көбөйүп, 1 миллиард 411 миллион 780 миң адамды түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коңшу Кытайдын калкынын жалпы саны учурда 1 миллиард 411 миллион 78 миң адамды түзгөн. Бул 2010-жылга салыштырмалуу 72 миллион адамга көп. 2019-жылы өлкөнүн калкы 1 миллиард 400 миллион адамды түзгөн.
2010-жылга салыштырмалуу Кытайдын калкы 72 миллионго көбөйгөн.
Жарыяланган статистикага ылайык, өлкөдө болжол менен 723 миллиондон ашык эркек жана 688 миллиондон ашык аял бар.