Норвегиянын өкмөттүк эксперттер комитети AstraZeneca жана Johnson&Johnson тарабынан иштелип чыккан коронавирус вакциналарын эмдөө өнөктүгүнөн чыгарууну сунуш кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Норвегиянын коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институту тарабынан J&J компаниясынын Janssen вакцинасын да массалык түрдө колдонууну акырындап токтотууну сунуш кылган. Анын директору Камилла Столтенберг бул вакцинаны колдонуу коркунучу канчалык жогору экендиги белгисиз экендигин баса белгилеген. Ушуга байланыштуу анын айтымында, бул вакцинаны колдонуунун кандай артыкчылыктары бар экени белгисиз.
Ошол эле учурда норвегиялык адистер бул вакциналар менен эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн каалоочулар үчүн сактап калууну сунушташты.