Австралияда мигранттар лагеринен качуу үчүн тоннель казган адам кармалды

Польшалык мигрант колго жасалган каражаттын жардамы менен Австралиядагы мигранттарды кармоо үчүн борбордун астынан 20 метрлик тоннель казып качууга аракет жасаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, тоннелди тапкан күзөтчүлөр анын качып кетишине жол беришкен эмес. Австралиянын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Батыш Австралиядагы Yongah Hill тергөө абагынан бир нече адам качып кетүүнү пландаштырган болушу мүмкүн.

"Австралиянын Чек ара кызматы Yongah Hill иммигранттарды кармоо борборунда жарым-жартылай казылган аң табылгандан кийин болжолдуу качып кетүү аракетинин алдын алынгандыгын тастыктай алат", - деген атайын кызматтын өкүлү.

Борбордогулардын эч кимиси качып кетүүгө үлгүргөн эмес. Качкындар аракети коалициясынын өкүлүнүн айтымында, тоннелдин казылышы бир нече айдан бери жүрүп жаткан.

"Ал болжол менен үч метр тереңдикте болчу жана буга чейин эки ички тосмону ашып өткөн. Дагы беш метр казышканда сырткы тосмодон өтүп кетишмек", - деди ал.

Мындан сырткары Yongah Hill борборунда 350дөй адам кармалууда, алардын жарымы башпаанек сурагандар. 2013-жылы бир топ вьетнамдыктар борбордон качып кетүүгө үлгүрүшкөн, бирок анда алар тосмодон ашып түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан