WhatsApp мессенжери жаңы эрежелерди кабыл албаган колдонуучуларды өчүрбөйт

WhatsApp социалдык мессенжеринин командасы купуялуулуктун жаңы эрежелерин кабыл албаган колдонуучулардын аккаунтун өчүрбөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган мессенжердин башкы кеңсесине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мессенжердин жаңы эрежелери 15-майдан тарта иштеп баштайт. Ал эрежелерди кабыл алуу үчүн колдонуучуларда кошумча убакыт болот. Кеңседен кабарлашкандай, көпчүлүк колдонуучулар купуялуулуктун жаңы эрежелерин кабыл алууга макулдугун беришкен. Ал эми бул жаңы эрежелерди кабыл албаган колдонуучулардын аккаунту өчүрүлбөйт. Бирок аларда бир катар функцияларга чектөө киргизилиши мүмкүн. Кандай чектөөлөр киргизилери азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан