АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын мындан бир апта мурун ишке кирген сайтына 212 миңге жакын адам реакция кылды. Ага колдонуучулардын "жакты" белгиси менен комментарийлери кирет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ага ылайык, экс-президенттин жаңы сайтынын баракчасы "Дональд Трамптын столунан" деген аталыш менен иштеп жатат. Ал саясатчылар аудитория менен ортомчулары жок баарлашууга жардам берүүгө багытталган. Баракчага Трамптын акыркы билдирүүлөрү жарыяланып турат, аны колдонуучулар социалдык тармактардагы өз баракчаларына бөлүшө алышат.
"BuzzSumo" аналитикалык компаниясынын билдирүүсүнө ылайык, Трамптын Твиттердеги баракчасы блоктоого алына электе анын билдирүүлөрү жүз миңге жакын бөлүшүлүп турган. Буга чейин белгилүү болгондой, Twitter, Facebook, Youtube жана Instagram Трамптын аккаунттарын ар кандай мөөнөткө блокко түшүргөн. Буга анын 6-январда Вашингтондо өткөн баш аламандык тууралуу жазган билдирүүсү себеп болгон.