АКШлык актёр, продюсер жана режиссёр Норман Ллойд каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Ллойд 107 жашында дүйнө салды. Ал өзүнүн 80 жылдык карьерасында Чарли Чаплиндин, Альфред Хичкоктун фильмдерине тартылган. Актёр роль жараткан акыркы фильм 2015-жылы жарык көргөн.
"Ллойд көзү тирүү актёрлордун арасынан эң улуусу эле. Досу Дин Харгроувдун айтымында ал "жагымсыз адамдардан алыс болгону үчүн көп жашадым" деп айткан", - деп жазылат маалыматта.