
Сирия өкмөтүнүн аскерлери Орусиянын аба күчтөрү менен биргеликте 338 террорчуну жок кылганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, орус аба күчтөрү менен Сириянын аскерлери биргеликте чалгындоо иштерин улантып жатат.
"338 террорчу жок кылынып, 44 согушкер кармалды. 20 аскер техникасы иштен чыгарылып, жалпы 83 объект жок кылынды", - деп жазылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, Сириянын инженердик бөлүмдөрү тарабынан 2530 чакырым унаа жолундагы миналар тазаланып, зыянсыздандырылды.