Кечээ, 11-май күнү эртең менен 19 жаштагы Ильназ Галявиев Казандагы №175 гимназия мектебинде ок аткан. Ал акыркы күндөрү ата-энеси менен байланышпай, алардан алыстап кеткен. Бул тууралуу Татарстандагы балдардын укуктары боюнча акыйкатчы Ирина Волынецге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Жакшы жашаган үй-бүлөдө чоңойгон бала. Ал кадыр-барктуу университетте окуган, анын акысын ата-энеси төлөп берген. Анын үстүнө, пикир келишпестиктерден улам ал жакынкы аралыкта ата-энесинен бөлүнүп кетип, өзүнчө жашап жүргөн. Тыгыз мамиледе болбогону менен каржы жактан ата-энеси колдоп келген", - деген Волынец.
Андан сырткары, кол салуу учурунда ал ТИСБИ колледжинин төртүнчү курсунун студенти болгон, бирок апрель айында академиялык карызынан улам окуудан чыгарылган. “Окуу учурунда ал өзүн тынч жана конфликтсиз студент катары көрсөттү. Ал ар дайым тыкан жана токтоо болгон, ал башка студенттерге жана мугалимдерге сый мамиле кылчу”, - деп билдирген аталган колледждин басма сөз кызматы.
Шейшемби күнү Казандагы №175 мектептин мурунку окуучусу билим берүү мекемесине ок чыгарган. Анын кесепетинен тогуз адам каза болуп, 21 адам жаракат алганы белгилүү болду. Атышууну уюштурган эки жигит кармалып, кылмыш иши козголду.
Кечээ чет элдик басылмалар 11 адам каза тапкандыгын жазып жатышкан. Бирок кийинчирек 9 адам каза болгондугун Татарстандын президенти Рустам Минниханов тактады.