АКШда күйүүчү май тартыштыгынан улам бир нече штатка өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Дүйнөлүк державада бензин эмнеге тартыш болууда?

АКШнын чыгышындагы бир нече штатка күйүүчү май тартыштыгынан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал күйүүчү май тартыш болуп жаткан Флорида, Жоржия, Түндүк Каролина жана Виржиния штаттарына жарыяланган. Буга себеп Colonial Pipeline күйүүчү май сордуруучу түтүктөр тутумунун күтүүсүз өчүрүлүшү себеп болгон.

Учурда өлкө бийлиги жарандарына күйүүчү майды көп өлчөмдө албай турууну суранууда. Себеби бул абалды ого бетер курчутуп жиберет.

8-майда АКШдагы ири түтүк операторлорунун бири болгон Colonial Pipeline Company ишканасы хакердик чабуулга кабылып, күйүүчү май сордурууну токтотууга аргасыз болгон. Компаниянын маалыматы боюнча, ал өз тутуму аркылуу күнүнө 100 миллион литр күйүүчү май сордурат. Бул АКШнын чыгыш жээгинде керектелген бардык отундун 45 пайызын түзөт жана 50 миллион америкалыктарды күйүүчү май менен камсыз кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
al-abu-kinesz
2021-05-12 12:33:57
Бензин тартыштыгынан эле озгочо абал режими киргизилген болсо, башка бензин тартыш олколор омур бою "озгочо абалда" жашашат экен да..
+3
Missing-u
2021-05-12 12:36:39
Президент бензинди кымбататты дегендер ушундай жанылыктарды окуйт бекен?
+7
ErkinOkenovich
2021-05-12 16:42:45
Missing-u,көрүшпөйт.Анжелика,Аселдерди эле көрүп окушат.С.Жапаров буйруса жакшы иштеп жатат.
+1
Majit1975
2021-05-12 12:37:23
Биздикилер укпасын дароо бааны көтөрүп салышат
+2
nurik73
2021-05-12 18:23:40
Бул акшынын жон эле опуттарынын бири да. Мына бизде деле жок болуп атат кымбат болуп атат деп бизге окшогон кедей мамлекеттерди сооротуп койуш керек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан