Тажикстанда катуу жааган жаандан жана селден 9 адам каза болуп, 15ке чукул район жабыркады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгы 11-майда орун алган. Анын кесепетинен 9 адам набыт болду.
Каза болгон жарандар катталган аймактар:
"Шохин районунда каза болгон 3 адам бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон.
Атайын техникалардын жардамы менен жол тазаланып, кыймыл калыбына келтирилди", - деп жазылат маалыматта.