Испанияда өзгөчө кырдаалдар кызматына жалпысынан 9 миң жолу чалган жаран кармалды

Испанияда полиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө кырдаал кызматына 9 миң жолу чалган жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 49 жаштагы жаран 7-май күнү Овьедо шаарынан кармалган. Анын үстүнөн өзгөчө кырдаалдар кызматы тарабынан арыз түшкөн. Белгилүү болгондой, ал 2019-жылдан бери өзгөчө кырдаалдар кызматынын телефон номерине 3787 жолу, ал эми жардам берүү кызматына 4957 жолу чалган. Такталгандай, бул чалуулардын бири дагы жардамга муктаждык катары эсептелбеген чалуулар болгон. Кармалган жаран кызматкерлерди кемсинтүү, сөгүү жана ишине тоскоолдук жаратуу максатында гана чалып турган.

Полиция анын аты-жөнүн жана жашаган жерин аныктап, дароо колго түшүргөн. Ал бул кылмышы үчүн 3 айдан 1 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nuuman
2021-05-12 21:36:59
А жакшы. Эсине келет Бир аз камалса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан