Индиялык дарыгерлер жарандарды коронавируска каршы күрөшүүдө уйдун заңы менен заарасын колдонуудан баш тартууга чакырышууда. Мындай маалыматты чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, индиялык дарыгерлер менен саясатчылар жарандарга уйдун заңы менен заарасын иммунитетти көтөрөт деген түшүнүк менен денелерине сүйкөө туура эмес экендигин айтышууда.
"Илимий жана медициналык практикада уйдун заңы менен заарасы иммунитетти көтөрөт деген эч бир далил жок. Тескерисинче, жаныбарлардагы айрым инфекциялык ооруларды жуктуруп алуу коркунучу жогору. Уйдун заңы менен заарасы коронавирустан коргойт деген түшүнүк медицинада жок", - деген Индиянын медициналык ассоциациясынын президенти, доктор Жей Жаялал.
Буга чейин Индияда коронавируска каршы күрөшүүдө иммунитетти көтөрөт деген ишеним менен жарандар уйдун заңы менен заарасын денелерине сүйкөп жатышкандыгы жазылган.