Казандагы мектепке куралчан кирип барып, окуучулар менен мугалимдерге ок чыгарган 19 жаштагы Ильназ Галявиевдин баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал 2 айга камакка алынды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүп жатат. Ошондой эле ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги да айтылат маалыматта.
Буга чейин айтылгандай, 19 жаштагы Ильназ Галявиев Казандагы №175 гимназияга ок чыгарып, андан 9 адам каза болсо (7 окуучу, 2 мугалим), 21 адам жаракат алган. Галявиев күнөөсүн моюнга алып, камакка алууга каршы эместигин жана эч кандай оорусу жок экендигин билдирген.