Жердин орбиталарында 7 миң тонна космостук таштандылар бар экени айтылды

Жерге жакын орбиталарда Эл аралык Космос Станциясын (ISS) кошкондо 7 миң тоннага жакын космостук таштандылар жана 3 миң тонна иштеп жаткан космостук аппараттар бар. Бул тууралуу Орусиянын маалыматтык-аналитикалык борбордун башчысы Игорь Бакараска шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Бакарастын айтымында, космостук таштандылар деп жасалма объектилердин жана алардын космостогу жараксыз болуп калган жана мындан ары колдонууга болбой турган сыныктарын билдирет. Ошол эле учурда бул таштандылар иштеп жаткан космос кемесине кооптуу таасирин тийгизерин белгиледи.

Бакарас атмосферанын тыгыз катмарларынан өткөндө көзөмөлсүз деорбитация, толук күйбөй калган учурда жасалма нерселер Жерге коркунуч туудурат, анткени алардын калдыктары эл жашаган аймактарга түшүп калышы мүмкүн деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан