АКШнын чыгышындагы эң ири Colonial Pipeline аттуу күйүүчү май сордуруучу түтүктөр тутуму кайра ишин жандантты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, компания күйүүчү май менен камсыздоо жарым-жартылай калыбына келтирилгенин, бирок кадимки режимге кайтууга бир нече күн талап кылынарын билдирген. Ошол эле учурда АКШнын чыгыш жээгиндеги бир нече штатта күйүүчү май олуттуу үзгүлтүккө учураган. Айрым май куюучу жайлар толугу менен жабылса, айрымдарында узун кезек пайда болууда.
8-майда АКШдагы ири түтүк операторлорунун бири болгон Colonial Pipeline Company ишканасы хакердик чабуулга кабылып, күйүүчү май сордурууну токтотууга аргасыз болгон. Компаниянын маалыматы боюнча, ал өз тутуму аркылуу күнүнө 100 миллион литр күйүүчү май сордурат. Бул АКШнын чыгыш жээгинде керектелген бардык отундун 45 пайызын түзөт жана 50 миллион америкалыктарды күйүүчү май менен камсыз кылат.