Орусияда алгачкы жолу коронавирустун индиялык штаммы аныкталды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ага ылайык, коронавирустун индиялык штаммы аныкталгандар Ульяновск облусунда окуган индиялык студенттер болгон.
"Студенттер 14 күнгө изоляцияга алынды. Аларга башка адамдар менен байланышууга толугу менен чектөө коюлду. Аларга тамак-аш, дары-дармек жана башка керектүү каражаттар жеткирилип турат, ошондой эле күнүнө эки маал медициналык кызматкерлер абалына байкоо жүргүзүп турушат", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин белгилүү болгондой, март айынын аягында Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун мутацияланган жаңы индиялык штаммы аныкталгандыгын айтып чыккан.