Израиль учактары Газа секторундагы көп кабаттуу имаратка абадан сокку урду. Натыйжада имарат толугу менен урады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматка караганда, авиа соккуга кабылган имарат Газанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан "Аш-Шурук" имараты болгон.
Аталган имаратта ондогон араб жана чет өлкөлүк ЖМК кеңселери, ошондой эле гуманитардык уюмдар иштеп келген. Имаратка сокку урардан мурун эскертүү иретинде соккулар болгон. Мындан улам имараттагылар тез арада чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Жардыруулар жана аба соккулары башталгандан бери бул жардырууга туш болгон үчүнчү көп кабаттуу имарат болду. Буга чейин израилдик учактар Палестина полициясынын штабы жайгашкан 10 кабаттуу "Аль-Жаухара" имаратына сокку урган.