Испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассонун 1932-жылы тартылган "Терезеде отурган аял" сүрөтү Нью-Йорктогу аукциондо дээрлик 103 миллион 500 миң долларга сатылды. Бул тууралуу Christie's аукцион үйүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, алгач сүрөт 55 миллион долларга аукционго коюлган. Пикассонун бул сүрөтүнүн акыркы баасы аукцион башталгандан 19 мүнөттөн кийин коюлган.
"Терезеде отурган аялдын көзгө урунарлык өзгөчөлүктөрүнүн бири - монументалдык көлөмү. Бийиктиги 1,5 метр. Анын ичинде башка сүрөттөргө караганда психологизм көбүрөөк", - деген аукциондун куратору Ванесса Фуско.
Атактуу сүрөтчү Пабло Пикассо тууралуу кызыктуу фактыларды шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.