Ооганстандагы мечиттердин биринде жардыруу болуп, андан каза болгондордун саны 12 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда Ооганстандын Шакар-Дара калктуу конушундагы мечиттердин биринде жума намазы маалында жардыруу орун алган. Анын кесепетинен каза болгондордун саны учурда 12 адамга жетти, ал эми жарадар болгондордун саны 15 адамды түзүүдө. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, каза болгондордун арасында мечиттин имамы дагы бар.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылат маалыматта.